Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Малик

Ээлик Кылуучу

المَلِيكُ

Аль-Малик (Ээлик Кылуучу, Өкүмдар) — баарына ээлик кылып, баарына буйрук берген, бийлиги бардык жерге жайылып, бүт бар нерсени Өзүнө баш ийдирген Зат. Ал Өз жаратылгандарын каалагандай тескейт жана аларды Өзү жараткан максатка карай багыттайт. Ал ээлик кылат жана муктаж эмес, башкарат жана чарчабайт, буйрук берет жана жаңылбайт. Ал Өз жаратылгандарына өкүм жүргүзөт, Анын улуулугу ар тараптуу жана бардык жерде көрүнөт.