Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Мумин

Коргоочу, Тынчтык Берүүчү

المُؤْمِنُ

Аль-Мумин (Коргоочу, Тынчтык Берүүчү) — Акыйкатты айткан жана сөзсүз аткарыла турган нерсени гана убада кылган, ыймандуу пенделеринин үмүтүн жана күтүүсүн акташкан, аларды бул дүйнөдө азгыруулардан жана түбөлүк жашоодо азаптан сактаган Зат.

Ал – Аллах! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Ал – Аль-Малик, Аль-Куддус, Ас-Салам, Аль-Муьмин, Аль-Мухаймин, Аль-Азиз, Аль-Жаббар, Аль-Мутакаббир! Аллах алардын ширктеринен Аруу-Таза! (Сүрө 59 «Хашр», Аят 23)