Аллахтын эң сонун ысымдары

Ас-Салам

Кемчиликсиз

السَّلاَمُ

Ас-Салам (Кемчиликсиз) — ар кандай кемтиктен, кемчиликтен жана мүчүлүштүктөн ажыраган, кудайлык заты, иштери жана сыпаттары эң жогорку даражада асыл жана кемел Зат. Ас-Салам ысымы мааниси боюнча Аль-Куддус деген эң сонун ысымга жакын, эгер алар бирге колдонулса, Аль-Куддус Аллахтын өткөндөгү жана азыркы кемелдигин, ал эми Ас-Салам — Анын сыпаттарынын жана иштеринин азыркы жана келечектеги кемчиликсиздигин билдирет.