Аль-Вали (Колдоочу, Жакын) — Өз жаратылгандарына камкордук кылган, аларды ырыскы менен камсыз кылып, иштерин башкарган, ыймандуу пенделерине жакын жана аларды жакшы көргөн, аларды туура жол менен жетелеп, душмандарына каршы жардам берген Зат. Аллах Таала мындай деди: «Же алар Аллахтан башка «кудайларды» башчы кылышабы? (Адамга чыныгы) башчы бул Аллах! Ал өлүктөрдү тирилтет! Ал - бардык нерсеге Кудуреттүү!» (Сүрө 42 «Шура», Аят 9).