Аль-Мухаймин (Көзөмөлдөөчү, Сактоочу) — жаратылгандарды көзөмөлдөп, аларды коргогон жана алардын иштерин сактаган, ишенимге татыктуу жана элчилеринин чынчылдыгын тастыктаган Зат. Бул ысым Аллахтын абсолюттук бийликке жана кемел билимге ээ экенин жана Өз жаратылгандарына үзгүлтүксүз камкордук кылаарын, ойлогонун жана тагдырга жазганын ишке ашыруусуна эч нерсе тоскоол боло албасын билдирет.
«Ал – Аллах! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Ал – Аль-Малик, Аль-Куддус, Ас-Салам, Аль-Муьмин, Аль-Мухаймин…» (Сүрө 59 «Хашр», Аят 23)