Аллахтын эң сонун ысымдары

Ар-Рабб

Рабби

الرَّبُّ

Ар-Рабб (Рабби) — баарына өкүм жүргүзгөн, Өзүнө тең эч кимиси жок, жаратылгандарды жараткан, аларга камкордук кылган жана иштерин башкарган Зат. Бул сапаттарга Аллахтан башка эч ким ээ эмес, ал эми Анын бүт бар нерсеге болгон өзгөчө өкүмдүгүн моюнга алуу — мусулман ыйманынын ажырагыс бөлүгү. Аллах — жалгыз Рабби, периштелерден, пайгамбарлардан же башка жаратылгандардан эч ким мындай аталбайт. «Ушул Аллах силердин чыныгы Раббиңер» (Сүрө 10 «Юнус», Аят 32)