Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Кави

Эң Күчтүү

القَوِيُّ

Аль-Кави (Эң Күчтүү) — кубаттуу күчкө ээ, жеңип алуу мүмкүн болбогон жана Өзүнөн качып кутулуу мүмкүн болбогон Зат. Алсыздык, алсыраш, чарчоо, шалаакылык, уйкучулук сыяктуу сыпаттар Ага таптакыр жат. Ал кээ бирөөлөргө күч берет, ал эми башкаларын алсыз кылат. Ал каалаганын жасайт, Ага эч ким тоскоол боло албайт, Ал чечкен нерсени өзүнөн эч ким кайтара албайт. Анын күчү абсолюттук, ал эч нерсе менен чектелбейт. Ал эч качан азайбайт жана Анын бардык сыпаттарынын аракетинде көрүнөт.