Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Фаттах

Ачуучу, Өкүм Чыгаруучу

الفَتَّاحُ

Аль-Фаттах (Ачуучу, Өкүм Чыгаруучу) — адилет өкүм чыгарып, туура чечим кабыл алган, жаратылгандардын абалын жеңилдетип, аларды кайгыдан куткарган, жаратылгандардын алдында Өзүнүн ырайымына же жазасына эшик ачкан Зат. Ал асмандардагы жана жердеги бардык казыналардын ачкычтарына ээ. Ал адамдарды сынап, ошол аркылуу Өз ниетин ишке ашыруу үчүн алардын алдында ийгиликке, байлыкка, билимге, ачылыштарга жана башка жетишкендиктерге эшик ачат.