Аль-Хаким (Акылман) — иштери, буйруктары жана тыюулары кемел акылмандыкка толгон, чечим кабыл алып, эч ким жокко чыгара албаган адилет мыйзамдарды белгилеген, эң жакшы түрдө ойлоп, жаратып, башкарган Зат. Ибн аль-Каййим жазат: «Аль-Хаким — өзүндө жакшылык болгон нерсени буйруган жана өзүндө жамандык болгон нерседен тыйган Зат; Ал айткан нерсе — чындык, Ал жасаган нерсе — туура, Ал каалаган нерсе — башкасынан жакшы. Мындай кемелдик Аллахтан башка эч кимге мүнөздүү эмес».