Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Хасиб

Эсеп Алуучу, Жетиштүү, Даңктуу

الحَسِیبُ

Аль-Хасиб (Эсеп Алуучу, Жетиштүү, Даңктуу) — Өз пенделерин жашоо үчүн зарыл болгондун баары менен камсыз кылган, аларды жоопко тартып, татыктуусун кайтарган, эң даңктуу жана кемел сапаттарга ээ Зат. Ас-Саади жазат: «Аль-Хасиб — Өз пенделери жөнүндө баарын билген, Өзүнө тобокел кылгандарды камсыз кылган, Өз акылмандыгына жана алардын чоң-кичине иштери жөнүндө билгенине таянып, пенделерин сыйлап жана жазалаган Зат».