Аллахтын эң сонун ысымдары

Ар-Ракиб

Байкоочу

الرَّقِیبُ

Ар-Ракиб (Байкоочу) — Өз пенделерин көрүп, алардын иштерин байкаган, алардын сөздөрүн жана жоруктарын сактап, эсептеген, пенделеринен моюн сунууну талап кылып, аларды баш ийбестиктен сактандырган Зат. Аль-Хаттаби жазат: «Бул — эч нерсени көз жаздымда калтырбаган Сактоочу».