Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Халим

Сабырдуу, Токтоо

الحَلِیمُ

Аль-Халим (Сабырдуу, Токтоо) — күнөөкөрлөрдү жана баш ийбегендерди жазалоого мүмкүнчүлүгү боло туруп, шашылбаган, ааламдарды жумшак жана кең пейилдик менен башкарган, күнөөкөрлөргө да жакшылыктарды берип, алар тообо кылып, оңолушу үчүн мөөнөт берген Зат. Ас-Саади жазат: «Аль-Халим — жаратылгандардын баш ийбестигине жана көп каталарына карабастан, аларга көрүнгөн жана көрүнбөгөн жакшылыктарды мол берген Зат. Ал күнөөкөрлөрдү баш ийбегени үчүн жазалоого шашылбайт жана алар өкүнүп, туура жолго кайтышы үчүн мөөнөт берет».