Аль-Мухит (Баарын Камтуучу) — бардык жаратылгандарды билим, кудурет, күч, ырайым жана кемелдиктин башка сыпаттары менен камтыган Зат. Аль-Халими жазат: «Аль-Мухит — Өзүнөн качып кутулуу мүмкүн болбогон Зат, бул сапатка Аллахтан башка эч ким ээ эмес. Ал Анын билиминин жана кудуретинин кемелдигин билдирет жана билбестик, алсыздык сыяктуу мүнөздөмөлөрдү четке кагат».