Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Хафиз

Сактоочу

الحَفِیظُ

Аль-Хафиз (Сактоочу) — Өз жаратылганын коргоп, андагы тартипти сактаган, пенделерин балээлерден жана жагымсыздыктардан сактап, ыймандууларды ыймандарына зыян келтирген нерседен коргогон, адамдарды сыйлоо же жазалоо үчүн алардын жакшы жана жаман иштерин сактаган Зат. Ас-Саади жазат: «Өз жаратылгандарын сактаган жана бүт бар нерсени билим менен камтыган, сүйүктүү пенделерин күнөөлөрдөн жана кыйратуучу иштерден коргогон, алар кыймылда болгондо да, эс алганда да аларга ырайым көрсөткөн, пенделердин иштерин жана алардын татыктуу болгонун эсептеген Зат».