Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Мукит

Көзөмөлдөөчү, Ырыскы Берүүчү

المُقیِتُ

Аль-Мукит (Көзөмөлдөөчү, Ырыскы Берүүчү) — Өз пенделерин көзөмөлдөп, алардын үстүнөн бийлиги бар, алар үчүн ырыскыны сактап, белгиленген мөөнөткө чейин аларда өмүр сакталгандай кылып, аны бөлүп-бөлүп жиберген Зат. Аль-Куртуби бул ысымдын маанисин түшүндүрүп, мындай деп жазат: «Ал Аллах Тааланын ар бир адамга жана жаныбарга белгилүү бир убакыт бою дайыма жашоо каражаттарын берерин, Ал муну токтотууну каалаганга чейин берерин билдирет; Ал жаратылганды жашоосуна зарыл болгон нерседен ажыратканда, ал өлөт».