Аль-Кафил (Кепил) — Өз пенделерине жана аларды ырыскы, жашоо каражаттары менен камсыз кылууга кепил болгон, алардын кызыкчылыктары жөнүндө ойлоп, иштерин жөнгө салып, муктаждыктарын канааттандырган Зат. Бул эң сонун ысым мааниси боюнча Аль-Вакил ысымына жакын. Аль-Исфахани жазат: «Кээде Аль-Вакил ысымы Аль-Кафил деп чечмеленет, бирок Аль-Вакил ысымынын мааниси кеңирээк, анткени ар бир кепил — вакил, бирок ар бир вакил кепил эмес».