Ар-Раззак (Мол Ырыскы Берүүчү) — жашоого зарыл каражаттарды жаратып, аларды Өз жаратылгандарынын арасында бөлүштүргөн Зат. Ал жакшылыктарды жаратып, аларды Өзүнүн акылман ниетине жана тагдыр белгилөөсүнө ылайык бөлүштүрөт. Ал жердин жана асмандардын бардык тургундарын азыктандырат. Ал ар бир адамдын үлүшүн ченеп коюп, аны белгиленген мөөнөттө так жиберет.