Аль-Муктадир (Баарына Кудуреттүү) — Өзүнүн билими аркасында жаратылганды эң майда-чүйдөсүнө чейин ойлоп, Өзүнүн кудурети аркасында ойлогонун так аткарган Зат. Ал үчүн асмандарда жана жерде мүмкүн эмес эч нерсе жок, Ал таң калыштуу нерселерди жаратып, акылман жана адилет буйрук берүү менен Өз кудуретин көрсөтөт. Бул эң сонун ысым мааниси боюнча Аль-Кадир (Баарына Кудуреттүү) ысымына жакын, бирок анда Кудуреттүү Өкүмдардын сапаттары күчтүүрөөк көрүнөт, анткени араб этишинин уңгусуна канчалык көп тамга кошулса, анын маанилери ошончолук күчтүү билдирилет.