Аль-Матин (Бекем, Талкаланбас) — кубаттуу күчкө ээ, Өз эркин аткаруу үчүн жардамчыларга жана каражаттарга муктаж эмес; ойлогонун ишке ашыруусуна эч ким да, эч нерсе да тоскоол болбогон жана эч качан чарчабаган Зат. Ал тышкы күчтөргө таптакыр көз каранды эмес, бирок бүт бар нерсе Ага көз каранды жана Анын эркине баш ийет. Ал каалаганын жаратат, каалаганын буйрук кылат жана каалаганын жокко чыгарат.