Аль-Мавла (Колдоочу, Өкүмдар) — чечим кабыл алып, жаратылгандардын иштерин башкарган, ыймандууларга камкор болуп, душмандарына каршы жардам берген Зат. Бул ысым мааниси боюнча Аль-Вали ысымына жакын. Бул сөздөрдүн колдонулушундагы айырма мында: вали сөзү Аллахка жакын пенделерге карата да колдонулат, ал эми мавла сөзү «Аллахтын пендеси» же «Аллахка жакын» деген сөз айкаштарында колдонулбайт.