Аль-Хади (Туура Жолго Салуучу, Багыттоочу) — бүт бар нерсеге жашоо жолун көрсөткөн, пенделерине Өзүнүн ыраазычылыгына алып баруучу жолду түшүндүргөн жана ыйман келтиргендерди ошол жол менен жетелеген Зат. Аз-Заджжадж жазат: «Аль-Хади — Өз жаратылгандарына Өзүн жана Өзүнүн раббилигин таануу жолун көрсөткөн, пенделерин туура жолго салган Зат».