Аль-Кафи (Жетиштүү, Куткаруучу) — кемелдиктин бардык сапаттарын Өзүндө чогулткан, Өзүнө тең эч кимиси жок жана жардамчыларга муктаж эмес, Өзүнө тобокел кылгандарды балээлерден коргоп, муктаждыктан куткарган Зат. Аль-Хаттаби жазат: «Аль-Кафи — Өз пенделерин тынчсыздануудан куткарып, кырсыктардан коргогон, башка эч кимге муктаж болбоо үчүн жардамы жетиштүү болгон Зат».