Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Вакил

Тобокел Кылынуучу, Кепил

الوَكِیلُ

Аль-Вакил (Тобокел Кылынуучу, Кепил) — Өз жаратылгандарына камкор болуп, алардын муктаждыктары жана кызыкчылыктары жөнүндө ойлогон, пенделеринин айтканын жана кылганын баарын көзөмөлдөгөн жана алардын Ага ишенип, тобокел кылуусуна татыктуу Зат. Ас-Саади жазат: «Аль-Вакил — Өзүнүн билими, абсолюттук кудурети жана чексиз акылмандыгы аркасында жаратылгандарынын иштерин башкарган; Өзүнө жакын пенделерине камкор болуп, аларга эң жеңилге алып баруучу жолду жеңилдетип, эң оордон алыстатып, иштерин жөнгө салган Зат. Аны өзүнө Вакил кылган адамга Ал жетиштүү».