14.40 Балдар салих жана шүгүр кылуучу болуп өсүшү үчүн дуба
Бул – Аллах тааланын асыл пайгамбарларынын бири Ибрахимдин (ага салам болсун) дубасы. Биз ал жөнүндө ушул пайгамбардын аты менен аталган сүрөдөгү аяттан билебиз. Куранда кездешкен Аллах таалага башка кайрылуулардагыдай эле, бул дубада да көптөгөн сабак бар жана андан көп пайдалуу корутунду чыгарууга болот.
Шексиз, Ибрахим (ага салам болсун) ааламдардын Раббисинен ыймандуу үчүн чындап чоң баалуулукка ээ нерсени сурады. «О, Раббим, – деди ал. – Мени намазды толук окуучу(лардан) кыл.» Жөн гана намаз окуган эмес, анткени аны кыймылдарды механикалык кайталоо маанисинде абдан көп адам окуйт, дал толук окуган. Башкача айтканда, аны эң жакшы түрдө, үзбөй, ага белгиленген убакыттын эң жакшы бөлүгүндө, намазга тиешелүү бардык талаптарды так сактап окуган. Бардык керектүү шарттарды сактап, бардык парз жана мустахаб амалдарды үлгүлүү аткарып окуган. Башкача айтканда, намазы толук болушу үчүн баарын жасаган жана аны кемчиликсиз кылуу үчүн бар күчүн жумшаган. Ибрахимдин (ага салам болсун) каалаганы ушул эле.
Эмне үчүн дал намаз? Анткени ал диндин символу жана түркүктөрүнүн бири. Анткени ал адамды Раббиси жана Жаратуучусу менен байланыштырат. Анткени ал Аллах таалага ибадат кылуунун жана Ага жакындоонун эң маанилүү жана сонун жолдорунун бири. Намаз – Раббинин ыраазылыгына, демек, бейишке алып баруучу эң кыска жолдордун бири.
Бирок көрүп тургандай, асыл пайгамбар бул улуу жакшылыкты өзү үчүн гана эмес, урпактары үчүн да сурады. «Жана урпактарымды.» Башкача айтканда, урпактарымдын арасында да намазды эң кемчиликсиз түрдө, толук чын ыклас менен, кичипейилдик жана көңүл буруу менен, такыбалык жана бекем ыйман менен, бардык амалдарды мүмкүн болушунча жакшы аткарып окугандар болсун. Муну менен Ибрахим (ага салам болсун) бардык ыймандууларга сонун үлгү көрсөттү: анткени ар бирибиз эки дүйнөнүн жакшылыгын өзүбүз үчүн гана эмес, урпактарыбыз үчүн да сурашыбыз керек. Албетте, биз муну Аллах тааладан сурап гана койбой, урпактарыбыздын чын ыкластуу ыймандуу болушу жана намазды толук окушу үчүн өзүбүз да аракет кылышыбыз керек. Балага кичинесинен намазга болгон сүйүүнү сиңирүү жана анын маанисин жана баалуулугун эскертип туруу ата-энеден башка кимдин милдети?..
Бул дуба Аллахтын чын ыкластуу пендеси Кудуреттүү жана Улуу Раббисине жалына алган эң жакшы сөздөрдүн бири, анткени Аллах таала адамга намазды толук окууга жардам берсе, бул ал үчүн чоң жакшылык болот жана ага улуу сооп алып келет.
Ибрахимдин (ага салам болсун) ушул дубасында Раббиден сураган акыркы нерсеси мындай болду: «О, биздин Раббибиз! Дубаны кабыл кыла көр!» Бул дуба канчалык чын жүрөктөн жана чын ыкластуу болгонун кайталанган кайрылуудан түшүнүүгө болот: адегенде «О, Раббим», андан соң «О, биздин Раббибиз»… Бул Жаратуучунун алдындагы кичипейилдиктин, жөнөкөйлүктүн жана моюн сунуунун көрүнүшү.
Курандан алынган бул дуба бизге намаздын маанисин эскертет, анткени бул пайгамбар дубасын дал ага арнаган. Андан дагы дубада Аллах тааланын Раббилигин Ага жакындоонун жолдорунун бири катары эскерүү канчалык маанилүү экени көрүнөт. Албетте, дуба чын ыклас, Жаратуучуга тобокел жана Ага үмүт менен суарылышы керек. Бул дуба бизге дагы Аллах тааладан түбөлүк дүйнөнүн жакшылыктарын көбүрөөк сурашыбыз, дүйнө камы бизди иримине тартып, ойлорубузду жана дубаларыбызды толтуруп кетишине жол бербешибиз керектигин үйрөтөт.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) да кирген Аллах тааланын пайгамбарлары биз үчүн үлгү болушкан; алар Раббиге дуба менен кандай жалынса, биз да ошондой кылууга умтулушубуз, анда Андан дубабызды кабыл кылышын жана жооп жок калтырбашын сурашыбыз керек. Анын үстүнө, ар кандай жакшы ишке киришкенде, ар кандай ибадатты баштаганда Аллах таала аракетибизди кабыл кылат деп үмүттөнүшүбүз жана муну Андан сурашыбыз керек.
