2.127 Жакшы амалдар кабыл болушу жана текеберликке алып келбеши үчүн дуба
2.128 Моюн сунуу жана салих урпак үчүн дуба
Бул – көп кылымдар мурун жашап өткөн Аллахтын пайгамбары Ибрахимдин (ага салам болсун) дубасы; нуру кылымдардын караңгылыгынан бизге чейин жеткен дуба. Ал «Бакара» сүрөсүндө айтылат. Кыска болгонуна карабастан, бул дубага чоң маани салынган; муну жалпысынан Аллах тааланын пайгамбарларынын, өзгөчө Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) дубаларынан көп көрүүгө болот. Көптөгөн чын ыкластуу ыймандуулардын дубалары кыска, бирок мазмундуу.
Ибрахимдин (ага салам болсун) бул дубасы мусулман Аллах тааладан эмне сурашы керектигинин сонун үлгүсү.
«О, Раббибиз! Бизден кабыл кыла көр», – деп ал бир күнү уулу Ысмайыл (экөөнө тең салам болсун) менен бирге жалынды; Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) да Ысмайылдын тукумунан. Бул алар экөө асыл, татыктуу жана Аллах ыраазы боло турган иш – Каабаны курууга киришкен ошол алыскы заманда болгон. Сөздөрүбүздү жана иштерибизди бизден кабыл кыл. Жакшы ниеттерибизди, дубаларыбызды жана жалгыз Сага болгон чын ыкластуу ибадатыбызды кабыл кыл.
Бул биз үчүн маанилүү сабак. Эгер Аллахтын асыл пайгамбары кичипейилдик, адеп жана моюн сунуу көрсөтүп, Аллах таала анын аракетин кабыл кылбай коюшунан корккон болсо, биз сыяктуу жөнөкөй пенделер жөнүндө эмне деп айтууга болот?.. Ар бирибизде иштерибиздин натыйжасы кандай болорун ойлоп тынчсызданууга жана алар кемчиликсиздиктен өтө алыс деп эсептөөгө алда канча көп негиз бар.
Жөн гана жакшы иш кылуу жетишсиз. Ага, кимдин ыраазычылыгы үчүн кылынса, Ошол Зат кабыл кылбай коюшунан коркуу жана Анын ыраазылыгына үмүт коштолушу керек. Албетте, Аллах таала аны кабыл кылышы жана ал текке кеткен эмгекке айланбашы үчүн дуба да. Анткени ишибиз четке кагылса, анын сообун көрбөйбүз жана ал биз үчүн ийгиликке, куткарылууга жана бейишке алып баруучу жолдогу кезектеги кадам болбойт.
Ошентип, жасаган жакшы иштеринин кабыл болушун Раббисинен суроо ар бир ыймандуунун адатына айланышы керек. Анткени жакшы иштин жасалышы анын Аллах таала тарабынан кабыл болорун кепилдебейт. Анын үстүнө, бул иштерди жасоого жана алардын кабыл болушуна биз муктажбыз, ал эми Аллах таала эч кимге жана эч нерсеге муктаж эмес.
Ибрахим (ага салам болсун) жалаң гана жалынуу менен чектелген жок. Ал дубасынын алдында ыйманды, кичипейилдикти жана Аллах таалага моюн сунууну билдирген кайрылуу айтты. Биз да Жаратуучуга дуба менен кайрылганда Ага карата адептин ушул сонун жана маанилүү көрүнүшүн унутпашыбыз керек.
Мындан тышкары, бул акылман пайгамбар дубасында анын маңызына эң туура келген Аллахтын эки ысмын атады: «Албетте, Сен Угуучу, Билүүчүсүң!» Сен таптакыр баарын угасың жана билесиң. Дубабызды угасың, жүрөгүбүздөгүнү билесиң. Ойлорубузду жана умтулууларыбызды, канчалык чын ыкластуу экенибизди билесиң. Сага моюн сунуу даражабыз Сага белгилүү, Сен биз жөнүндө өзүбүз билбеген нерселерди да билесиң.
Кичипейилдик менен моюн сунуунун дагы бир көрүнүшү тообонун кабыл болушу үчүн кылынган дуба болду. Аллахтын пендеси жакшы иштеринде жана Аллах таалага ибадатында көп кемчилик кетиргендиктен, анын Раббисине тообо кылышы жана бул көңүл бурбоочулук, ката, жаңылыш жана ибадатын кемчиликтүү кылган бардык нерсе үчүн Андан кечирим сурашы таптакыр табигый.
Ибрахим (ага салам болсун) дубанын бул бөлүгүн да мазмунуна так келген Аллах тааланын эки ысмы менен аяктады: «Албетте, Сен тообону кабыл кылуучу, Мээримдүүсүң!» (Сүрө 2 «Бакара», Аят 128) Мында да биз андан жана Аллах тааланын башка пайгамбарларынан (баарына салам болсун) үлгү алышыбыз керек.
Бул аятты ар окуганыбызда чоң иш менен алек болгон улуу адамдын бул улуу дубасынын маанилүү мазмуну жөнүндө ойлонуп, андан үлгү алууга аракет кылышыбыз керек. Анткени жол көрсөткөн жылдыз кемеге чексиз океанда багытынан адашпоого жардам бергендей, пайгамбарлар да жетекчилиги менен адамзатка туура жол менен жүрүүгө жардам беришкен.
