Ибрахим пайгамбардын тынчтык жана тоокиддин дубасы (14:35)

Курандагы дубалар

26

14.35   Ибрахим пайгамбардын тынчтык жана тоокиддин дубасы

Ибрахим  (Ибрахим)

رَبِّ اجْعَلْ هَـذَا الْبَلَدَ آمِنًا وَاجْنُبْنِي وَبَنِيَّ أَن نَّعْبُدَ الأَصْنَام
Раббиж'ал хаазал-балада ааминан важнубнии ва баниййа ан на'будал-аснаам
О, Раббим! Бул шаарды (Меккени) тынч шаар кыл! Мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан алыс кыл!

Бул – дубалары Аллахтын Китебинде көп кездешкен асыл пайгамбар Ибрахимдин (ага салам болсун) дубасы. Ал бул дуба менен Раббисине жүздөгөн жыл мурун белгилүү бир шартта кайрылса да, дуба маанисин жоготкон жок жана таптакыр башка доордо жашап жаткан бизге дагы деле көп нерсе үйрөтө алат. Бул пайгамбар Жаратуучуга ушул маанилүү дуба менен кайрылганда болгон Ыйык Меккеден алыста да анын улуу сөздөрүнөн өзүбүз үчүн көптөгөн кереметтүү сабак чыгара алабыз.

Куранда кокустук эч нерсе жок жана бул дуба да анда бекеринен айтылган эмес. Анткени Аллахтын пайгамбарлары ааламдардын Раббисинен ар бир ыймандуу суроого тийиш нерсени сурашкан, эң кымбат тилектерин чындап сонун формага салып, бизге жакшы үлгү көрсөтүшкөн.

«О, Раббим!» – деп жалынды Аллах таалага бул такыба жана акылман пайгамбар. О, мени да, бул жерди да, бардык нерсени да жараткан Зат! О, чындап чексиз кудурет жана бийлик ээси! О, эрки тоскоолдук билбеген Зат! О, жашыруун жана ашкере нерсенин баарын али боло электе, жоктуктан кийин боло баштай электе билүүчү Зат!

«Бул шаарды (Меккени) тынч шаар кыл!» Ибрахим Меккени айткан эле; Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) мекени болуусу жазылган жана бүгүнкү күнгө чейин ажылар ажылык кылуу жана Масжид-ул-Харамда, көп кылым мурун Ибрахим уулу Ысмайыл менен бирге Аллахтын буйругу менен тургузган Кааба жанында намаз окуу үчүн бара турган Меккени. Аллах таала Ибрахимдин (ага салам болсун) дубасын кабыл кылды жана Меккени коопсуз баш паанек жана берекелүү жай кылды; бүт дүйнө мусулмандары аны урматтайт жана ал алардын ар бири үчүн чоң мааниге ээ.

Бул – ойлонууга маанилүү себеп. Жашообузда коопсуздуктун маанисин ашыра баалоо кыйын. Ал натыйжалуу эмгекке жана түзүүгө шарт түзөт, адам жашоосун кубанычка толтурат, улуу идеяларды ишке ашырууга, маанилүү жана пайдалуу долбоорлорду аткарууга шарт түзөт. Коопсуздуктун жоктугу болсо, тескерисинче, адамды оор абалга салып, аны салих эмгектерден алаксытат, анткени адам табиятынан өз жашоосу жана жакындарынын жашоосу үчүн саат сайын тынчсызданбоого мүмкүнчүлүк берген чөйрөгө умтулат.

Ошондуктан Раббиден амандык жана коопсуздук суроо абдан маанилүү; буга Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) да ыймандууларды үндөгөн. Аллах таала береке бергендер анын жашоодо улана беришин Андан сурашы, ал эми коопсуздук жана амандыктан ажырагандар алар жашоосунда пайда болушун сурашы керек. Анткени кыйынчылык, коркунуч жана сыноолор адамга көп нерсе үйрөтө алса да, тынч чөйрө көбүнчө улуу жетишкендиктерге умтулгандарга пайда алып келет жана максаттарына жетүүгө жардам берет.

Аллахтын пайгамбары эки дүйнөдө ийгилик, куткарылуу жана бакыттын негизи болгон нерсени да сурады. Бул – таухидди чын ыкластан кармануу жана Аллахтан башка кимге болбосун ибадат кылуудан алыс болууда жардам. Эгер бул асыл пайгамбар даражасына карабастан Раббиден аны Ага шерик кошуудан сактоону сураган болсо, ар бирибиз муну андан бетер сурашыбыз керек. Анткени бардык ыймандуулар Аллахтын ыраазылыгын таап, бейишке киргиси келет.

Акылман пайгамбар өзү үчүн гана эмес, урпактары үчүн да сурады. Бул бизге балдарыбыз, неберелерибиз жана биз бул дүйнөдө болбогондо алыскы келечекте жашай турган урпактарыбыз үчүн Аллах таалага дуба кылууну унутпоону үйрөтөт. Анткени дуба – ыймандуу үчүн куткаруучу жип.

Бирок кийинки муундарга түбөлүк бакытка жетүүгө жалаң гана дубаларыбыз менен жардам беришибиз керек эмес. Милдетибиз – аларды туура тарбиялоо, таухид менен тааныштыруу, туура жолду көрсөтүү, пайдалуу илим берүү, ушунчалык азгырыктар бар жана алар күн сайын түрдүү булактардан ушунчалык чаташтырган маалымат алган дүйнөдө адашпоого жардам берүү. Балким, алар бир күнү өздөрүнүн начар жарыктандырылган жана татаал жашоо жолуна бир нече кичинекей чырак койгонубуз үчүн бизди жакшы сөз менен эскерер.