3.38 Салих урпак үчүн дуба
Бул – Аллахтын асыл пайгамбарларынын бири Закариянын (ага салам болсун) дубасы. Ал Куранда, «Аали Имран» сүрөсүндө айтылат. Жылдан-жылга пайгамбарлык милдетин аткарып, Закария акырындап карып калды, балалуу болгон жок. Аны менен бирге жаш кезинде да төрөбөгөн аялы да карыды. Мына, пайгамбар Исанын келечектеги энеси жаш Мариямдын (экөөнө тең салам болсун) камкордугун мойнуна алып, Аллах таала Өз ырайымы менен ушул жоош жана такыба салих кызга жай жемиштерин кышында, кыш жемиштерин жайында берип жатканын көрдү. Жана Жаратуучунун кудуретине дагы бир жолу ынанды.
Анын ыйманы эч качан алсыраган эмес, Раббисине ибадаты да тырышчаак болчу. Бирок ушул кереметти көрүп рухтанды. Ыйманы мындан да бекемдеди, үмүтү жаңы күч менен ойгонду. Аллах таала көп кереметтерди кылат, мына, ушул кереметти анын көз алдында көрсөттү жана Ал, шексиз, дагы бирин көрсөтүүгө кудуреттүү: аны, Закарияны, эңсеген урпагы менен сыйлоого.
Закария (ага салам болсун) дароо Раббисине жүрөгүнөн чыккан чын ыкластуу дуба менен жалынды, толугу менен Ага тобокел кылды.
Ооба, ал чачы агарганга чейин жашады, сөөктөрү карылыктан ичкерди. Ооба, аялы да карыды. Ооба, Рабби жаш кездеринде аларга урпак берүүнү каалаган жок. Закария (ага салам болсун) муну четке каккан жок. Бирок Аллахтын ырайымы чексиз, ал эми эрки эч кандай тоскоолдукка учурабай дайыма так аткарылат. Ааламдын Кудайы, Раббиси жана Жаратуучусу болгон Ал үчүн мүмкүн эмес нерсе жок. Эгер Ал пайгамбарына урпак берүүнү кааласа, эч кандай шарт буга тоскоол боло албайт.
«О, Раббим! – деп жалынды ал. – Мага Өзүңдүн даргөйүңдөн пакиза бир урпак бере көр!» «Бере көр» – анткени бул адамдык өлчөм боюнча мүмкүн эмес, табияттан тышкары окуя, кереметтүү белек болмок. «Өзүңдүн даргөйүңдөн» – анткени бардык жакшылыктар дал Андан, Аллах тааладан. «Пакиза» – анткени ар бир ыймандуу эңсеген дал ушундай урпак, эки дүйнөдө пайда алып келген да ошол.
Закария (ага салам болсун) дубасын аны айткандын адебин билдирген сөздөр менен аяктады: «Албетте, Сен дубаны Угуучусуң!» Сага жалынганда угасың жана мен Сага, Аллах таалага, дубага жооп бере турганыңды, пенделериңдин Сага арткан үмүтүн актай турганыңды, алардын эң кымбат тилектерин орундай турганыңды билгендиктен кайрылам.
Жана Рабби Закариянын (ага салам болсун) дубасына жооп берди, ага чындап пакиза урпак – Аллах тааланын асыл пайгамбарларынын бири болуу да жазылган Яхья аттуу уул берди.
Бул кереметтүү дуба бизге биринчи кезекте Аллахтын ырайымынан эч качан үмүт үзбөөнү үйрөтөт. Ал эми дал ушул көптөгөн адамдардын башына түшөт. Аллах тааладан өздөрү үчүн чындап маанилүү нерсени, өзгөчө балдарды сурап, дубасына дароо жооп ала албагандар бир нече жылдан кийин кол шилтеп, үмүтүн үзүп, жалынууну токтотушат.
Закариянын (ага салам болсун) тарыхы Аллахтын ырайымынан үмүт үзгөн адам өзүнө каршы эң чоң кылмыш жасай турганынын, ал эми үмүтүн үзбөгөн сабырдуу адам, тескерисинче, акыры улуу жакшылыкка жете турганынын эң жакшы далили.
Бул дуба бизге Аллах тааладан дал пакиза урпак сурап турууну да үйрөтөт. Бала эңсеген баласыз үй-бүлөлөр канчалык көп Раббиден жөн гана урпак сурашат, уул-кыздар дайыма эле ата-энеси үчүн жакшылык болуп, бакыт алып келе бербей турганын унутушат. Ата-энелердин балдарынын жаман мүнөзүнөн, жийиркеничтүү жүрүм-турумунан жана жаман иштеринен Аллах таала таптакыр урпак бербеген жубайлардан алда канча көп азап тарткан учурлар аз эмес. Ошондуктан Аллахтан дал пакиза урпак суроо абдан маанилүү. Албетте, Рабби бизге эбак берген балдар үчүн да салихтик сурап туруу керек.
Бала – Аллах тааланын белеги, ал берилгендердин камкордугуна аманат берилген. Демек, биз балдарыбыз үчүн жооптуубуз жана алардын чын ыкластуу ыймандуу, такыба, көркөм мүнөздүү болуп, үммөтүбүздүн көркү болушу үчүн шарт түзүүгө жана колубуздан келгендин баарын жасоого милдеттүүбүз. Аллахтан балдарыбыз үчүн салихтик сураганда болсо бул максатка карай чоң жана маанилүү кадам таштайбыз.
