Үй-бүлө бактысы жана үлгүлүү такыбалык үчүн дуба (25:74)

Курандагы дубалар

42

25.74   Үй-бүлө бактысы жана үлгүлүү такыбалык үчүн дуба

Фуркан  (Айырмалаган)

رَبَّنَا هَبْ لَنَا مِنْ أَزْوَاجِنَا وَذُرِّيَّاتِنَا قُرَّةَ أَعْيُنٍ وَاجْعَلْنَا لِلْمُتَّقِينَ إِمَامًا
Раббанаа хаб ланаа мин азваажинаа вазурриййаатинаа куррата а'йунин важ'алнаа лил-муттакиина имаамаа
Оо, Рабби! Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл! Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл!

Терең мааниге толгон бул сонун дуба Куранда айтылган, бекем ыймандуу такыба жана салих пенделери ааламдардын Раббисине кайрылган дубалардын бири. Ырайымдуунун бул чын ыкластуу пенделери, шексиз, адамзаттын эң жакшы өкүлдөрүнөн, Адамдын эң татыктуу урпактарынан. Бул адамдардын жакшы табияты алардын сонун, Аллах ыраазы боло турган сөздөрүндө жана иштеринде көрүнүш тапкан.

Бул адамдар Аллах таалага кайрылган ар бир дуба бизге көп нерсе үйрөтө алат. Анткени алар Раббиден чындап маанилүү нерсени сурашканын так билебиз. Алар Кудуреттүү Жаратуучудан куткарылууга, ийгиликке жана бейишке умтулган ар бир адам Андан сурашы керек болгон нерсени сурашты. Бул дуба дүйнөлүк жана түбөлүк бакытты эңсеген жана эки дүйнөдө жакшылыкка жеткиси келгендер үчүн сонун үлгү.

«Оо, Рабби!» – деп жалынышты алар, алардан мурун миңдеген адам жалынгандай жана Анын ыйман келтирген пенделери бүгүнкү күнгө чейин ааламдардын Раббисине жалынып келе жаткандай. Бул жөнөкөй сөздөрдө түбү жок маани тереңдиги бар. Алар Аллах тааланын Раббилигине, Анын бардык нерсени жаратканына, жаратылыштарынын жашоосун сактаганына, аларга ырыскы бергенине жана көптөгөн жакшылык бергенине ыйманды билдирет. Канчалык көп бул сөздөрдү адат боюнча айтканда алар эмнени билдирерин жана бизди эмнеге милдеттендирерин таптакыр ойлонбойбуз.

«Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл!» – ушинтип алар дубасынын маңызына өтүштү. Аллах тааладан сураган биринчи нерсеси – ырайымы менен аларга жакшы жубайларды жана салих урпак бериши болду. Алар салихтиги жана ааламдардын Раббисине моюн сунуусу менен өздөрүн кубанта турган аялдарды, балдарды жана неберелерди айтышкан. Анткени диндар, такыба, Аллахка баш ийген үй-бүлө ар бир ыймандуу үчүн эки дүйнөдө кубаныч булагы.

Бул – маанисин четке кагуу мүмкүн болбогон дуба. Анткени жакындарыбыз, үй-бүлөбүз – жердеги жашообуздун чоң бөлүгүн бирге өткөргөн жана бизге кайдыгер эмес адамдар. Канчалык көп жубайы же балдары адам үчүн нур, береке жана чоң кубаныч булагы болот же, тескерисинче, аны кайгы-капанын түбүнө чөктүрүп, катуу ооруткан болот. Бизге эң жакын, эң кымбат адамдардын кантип жашаганы, өзүн кантип алып жүргөнү, кандай иштерди кылганы жашообузга таасир этпей койбойт.

Адамды жакшы демилгелеринде колдогон, Аллах таалага моюн сунууда ага жардам берген, Аллах ыраазы боло турган иштерди кылууга үндөгөн жакшы, ынтымактуу үй-бүлө ар бир ыймандуу үчүн кереметтүү таяныч жана эч качан кем бааланбоого тийиш чоң жакшылык. Бул жакшылык сөзсүз Аллах тааладан мүмкүн болушунча көп сурап турууга арзыйт, ал эми ага жетүү Кудуреттүү Жаратуучуга эң чын ыкластуу, эң терең ыраазычылык үчүн шексиз себеп.

Салих үй-бүлөнүн жана жакшы урпактын мааниси ыймандуу жашап жаткан убакыт менен орунга такыр байланыштуу эмес. Бул жагдай аталган дубаны ар кандай доордо, жер шарынын ар кандай бурчунда актуалдуу кылат. Анткени үй-бүлө Адам урпагы үчүн чоң жакшылык да, азап булагы да боло алат. Жакындарың сени колдоп, жардам бергенде түзүү жана куруу канчалык жеңил! Эң жакын адамдардан түшүнүү жана жактоо таппаганда анчалык чоң эмес жетишкендиктердин өзү кандай эмгек менен келет.

Ошентип, Раббиге ушундай дуба менен кайрылганда биз чынында өзүбүз үчүн дуба кылабыз, анткени бизге шексиз пайда келтирген жакшылыкты сурайбыз. Андан ары карасак, бул дуба аркылуу бүт мусулман үммөтүнө пайда келтиребиз, анткени жашоо шериктерибиздин жана урпактарыбыздын салихтиги алар менен мамиледе болгондордун – жакындарынын, досторунун, тааныштарынын, окуу жайындагы шериктеринин жана жумуштагы кесиптештеринин салихтигине өбөлгө түзөт.

«…Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл!» Бул дубанын экинчи, кем маанилүү эмес бөлүгү. Раббим, бизди сөздөрүбүздө, иштерибизде, мүнөз-кулк сапаттарыбызда жана жалпысынан дин карманууда такыбаларга үлгү кыл. Ушундай даражага жеткен адам ийгиликке жетет жана Раббинин ыраазылыгын табат, бул чындап баа жеткис табыш.

Бул бир нече кыска сөзгө батырылган сансыз жакшылыкты суроо. Анткени такыбаларга үлгү болуу – жакшы сөздөрдү айтуу, татыктуу иштерди кылуу, сонун мүнөз-кулк сапаттарына ээ болуу жана ошого жараша иш кылуу дегенди билдирет. Бул дуба ушунун баарында Раббинин жардамын суроо, бул чексиз жакшылыкты камтууга мүмкүнчүлүк берет.