25.65-66 Күнөөлөрдөн жана алардын кесепеттеринен алыс болуу үчүн дуба
Бул – Аллах тааланын Китебинде ушунчалык көп берекелүү дубалардын бири. Ал Анын чын ыкластуу ыйман келтирген жана такыба пенделери Кудуреттүү Жаратуучуга кылган жалынуу. Булар ааламдардын Раббиси Китебинде кайра-кайра мактаган жана бизге алардын бекем ыйманга жана сонун мүнөз-кулк сапаттарына ээ экенин, татыктуу иштери ыйманы жана көркөм мүнөзүнүн табигый натыйжасы экенин кабарлаган адамдар.
«Оо, Рабби!» Бул чын ыкластуу ыймандуулар Аллах таалага дуба менен кайрылганда адатта адептүү кайрылуу менен, башкача айтканда Анын өздөрүнүн Раббиси экенин моюнга алуу менен башташат. Жүрөгү ыйманга толгон бул адамдар Аллахты жана Анын өздөрүнүн Кудайы жана Раббиси экенин унутушпайт. Ал бардык нерсени жараткан жана өзгөчөлүксүз бардык жаратылышына бийлик кылган Зат.
«Бизден тозок азабын арылта көр!» Бул алардын дубасынын маңызы, Аллах тааладан сурагысы келген негизги нерсе. Бул тозоктогу азап канчалык коркунучтуу болорун жакшы билген жана ошондуктан андан катуу корккон, жүрөгү тирүү адамдардын дубасы. Бул сөздөрдөн түшүнүктүү, алар Аллах тааладан жалаң гана адамдын ыйман алсыздыгынын жана жаман иштеринин натыйжасынан кутулууну сурашпайт. Алар Раббиден адамды тозокко алып баруучу бардык нерседен алыстоого жардам беришин сурашат. Ошентип, бул бир нече сөздү айтканда аларга абдан чоң жана абдан маанилүү маани салышат. Бул дубада ыйманды бекемдөө да, күнөөлөрдөн, баш ийбестиктен жана жаман иштерден тыйылууга жардам суроо да бар. Анткени мындай учурларда себептин жоктугу натыйжалардын да жоктугун билдирет.
«Анын азабы түгөнгүс!» Тозок – туруктуу, өзгөрбөс жамандык, түбөлүк азаптын булагы. Ал тургундарынан ажырабайт, өзүнө насыя болуу бактысыздыгына туш болгон адамды тынч койбогон катаал насыя берүүчү сыяктуу.
«Чынында, ал эң жаман орун, эң жаман жай!» Бул адам түшүшү мүмкүн болгон жерлердин эң жаманы, эң жийиркеничтүүсү, эң коркунучтуусу. Бул сөздөр аларды айткан ыймандуулар ушул жайга түшүү жазылгандардын абалынын бардык үрөйүн толук сезгенин көрсөтөт. Бул сүрөттөөлөр алардын дубасын мындан да терең жана чын жүрөктөн кылат, куткарылгандар катарында болуу умтулуусунун күчүн белгилейт.
Бул дуба ушул жакшы адамдардын ички маңызын сонун чагылдырат. Аллах таала сүйгөн көптөгөн кереметтүү сапаттарга ээ болуп, Ага жаккан көптөгөн татыктуу иштерди кылган бул ыймандуулар баары бир Аллах тааланын ачуусунан, жазасынан, тозок отундагы азаптан коркушат; ал эми дүйнөдө мындан коркууга алардан алда канча көп негизи бар ушунча адам бар.
Аллах тааланын мактоосуна ээ болгон бул ыймандуулар үлгү алууга татыктуу. Бул дубанын Кудуреттүү Раббинин Китебинде айтылышы жана Кыямат күнүнө чейин окулушу бекеринен эмес. Бул Аллахтын пенделери жеткен ошол бийик жана сонун даражага жок дегенде жакындагыбыз келбейби?..
Бул дуба бизге ыймандуу бул дүйнөдө жашап жатканда Аллахтан коркушу, Анын ачуусун өзүнө тартуудан сактанышы жана тозок отун унутпашы, ошону менен бирге коркууну Аллах тааланын ырайымына жана Оттон кутулууга болгон үмүт менен айкалыштырышы керектигин эскертет. Анткени үмүт жана коркуу ыймандуу үчүн куш үчүн эки канат сыяктуу. Ал бир канат менен же таптакыр канатсыз уча алабы?..
Тозок отунан коргоо суроо ар бир ыймандуунун жашоосунун табигый жана ажырагыс бөлүгү болушу керек.
Ыймандуу канча жакшы иш кылса да жана Аллах таалага ибадатта канчалык тырышчаак болсо да, иштерине алданбашы керек. Аллахка ушуга окшош дубалар менен кайрылгандар биз үчүн жакшы үлгү. Атүгүл Раббинин мактоосуна ээ болсо да алар алданышкан жок, Анын жолунда аракет кылуудан токтогон жок, Раббинин алдында урматтуу коркуу сезүүдөн жана Ага жалынуудан токтогон жок, кылган көптөгөн жакшы иштерине толук ишенип калган жок жана Жаратуучуга карата кичипейилдигин жана адебин жоготкон жок. Менменсинүү, өзүнө ашыкча ишеним, текебердик жана нарциссизм ыймандууга көрк боло алган сапаттар эмес.
