Ыймандуулардын бири-бири үчүн эң жакшы дубасы (59:10)

Курандагы дубалар

52

59.10   Ыймандуулардын бири-бири үчүн эң жакшы дубасы

Хашр  (Чогултуу)

رَبَّنَا اغْفِرْ لَنَا وَلِإِخْوَانِنَا الَّذِينَ سَبَقُونَا بِالإِيمَانِ وَلا تَجْعَلْ فِي قُلُوبِنَا غِلًّا لِّلَّذِينَ آمَنُوا رَبَّنَا إِنَّكَ رَؤُوفٌ رَّحِيمٌ
Раббанагфир ланаа ва ли-ихвааниналлазиина сабакуунаа бил-иимаани ва лаа таж'ал фии кулуубинаа гиллан лиллазиина аамануу, раббанаа иннака ра'ууфун рахиим
Оо, Раббибиз! Бизди жана бизден мурда ыйман менен өткөн (диндеги) бир туугандарыбызды кечире көр! Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуу адамдарга карата жек көрүүнү салба! Оо, Раббибиз! Өзүң Ырайымдуу, Боорукерсиң!

Бул сонун Куран дубасы Анын чын ыкластуу ыйман келтирген жана такыба пенделери Аллах таалага кайрылган дубалардын бири. Тагыраак айтканда, сөз сахабалардын жолдоочулары мууну жана салихтикте, Аллах таалага тырышчаак ибадатта жана Ага үлгүлүү моюн сунууда алардан үлгү алган кийинки муундардын өкүлдөрү жөнүндө.

Бул дуба ыймандуулардын бири-бирине болгон сүйүүсүнүн күчүн жана аларды байланыштырган Ислам бир туугандыгынын бекем тамырларын ачык көрсөтөт. Көрүп турабыз, бул салих адамдар ааламдардын Раббисинен жалаң гана өздөрү үчүн эмес, өздөрүнөн мурункулар үчүн да кечирим сурашты: «Бизди жана бизден мурда ыйман менен өткөн (диндеги) бир туугандарыбызды кечире көр!»

Белгилей кетүү маанилүү, ушинтип бул ыймандуулар дуба кылып жаткан адамдарынын артыкчылыктарын моюнга алышты, анткени аларды жалаң гана бир тууган, башкача айтканда дин боюнча бир тууган деп атап эле койбой, Исламды кабыл алууда жана ыйманга жетүүдө өздөрүнөн озгонун да эскеришти. Бул ыймандуулардын адебин жана таза жүрөктүүлүгүн, ошондой эле кичипейилдигин жана текебердик, менменсинүү жана өзүн-өзү жактыруунун жоктугун көрсөтөт.

Дин боюнча бир туугандык ыймандуулардын жүрөгүндө бири-бирине жек көрүүнүн жоктугун жана анын карама-каршысы, башкача айтканда сүйүүнүн бар экенин билдирет. Ошондуктан бул ыймандуулар Аллах тааладан жүрөктөрүндө башка ыймандууларга карата жек көрүү, кек, көралбастык жана башка терс сезимдер болбошун сурашканы таң каларлык эмес.

Чынында бул дуба жалаң гана сезимдерди камтыбайт. Анткени мындай жаман жана жазгырууга татыктуу сезимдердин жоктугу ошол сезимдердин көрүнүшү болгон тиешелүү сөздөрдүн жана аракеттердин да жоктугун билдирет. Бул адамдар дин боюнча бир туугандарына болгон таза сүйүүсүн эч нерсе так кылбашын жана күңүрттөбөшүн чын жүрөктөн каалашкан.

Бул аяттан чыгат, салих мурункуларыбыз үчүн ырайым суроо, Аллах таалага алар үчүн жакшы дубалар менен кайрылуу жана алар жөнүндө жаман сөз айтуудан баш тартуу ыймандуулардын өзгөчө белгилеринен.

Бул дуба бизге ыймандуулардын Кудуреттүү Жаратуучуга бири-бири үчүн жакшы дубалар менен кайрылуусу канчалык маанилүү экенин эскертет. Анын үстүнө, Куран жана Сүннөттөн билебиз, бул үчүн ыймандуу Аллах тааладан сооп алып гана койбойт: ушул үчүн атайын жиберилген периште ар кимибиз бир тууганыбыз үчүн анын жогунда Аллахка кылган дубабызга байланыштуу: «Аамин! Сага да ошондой болсун!» – дейт. Ошентип, Кудуреттүү жана Улуу Аллахка башка ыймандуулар үчүн чын ыкластуу дубалар менен кайрылуу аркылуу өзүбүзгө пайда келтиребиз жана бул башка мусулмандар үчүн сураган жакшылыктарга жетүүбүзгө жардам берет.

Албетте, бул дуба мусулмандарга бири-бирин чын жүрөктөн сүйүүнү үйрөтөт. Анткени ыймандуулардын өз ара сүйүүсү жана бири-бирине бир туугандык мамилеси динибиздин ажырагыс бөлүгү. Ал дагы бизге башка ыймандууларга карата кичипейилдикти жана Жаратуучуга карата адепти үйрөтөт.

Бул дуба бизге Раббиден күнөөлөрдүн кечирилишин суроонун маанисин эскертет. Анткени алар ар бирибизде бар жана баарыбыз алардын жүгүн көтөрүүгө аргасызбыз. Жүк канчалык оор болсо, Аллах тааланын ыраазылыгына, куткарылууга, ийгиликке, эки дүйнөдө бакытка жана бейиш бактарына алып баруучу жол менен жүрүү ошончолук кыйын.

Абдан маанилүүсү, бул сонун дуба бизге салих мурункуларыбызды эстөөнү, артыкчылыктарын жана дин алдындагы эмгектерин моюнга алууну жана аларга тийиштүү урмат көрсөтүүнү үйрөтөт.

Көрүп турабыз, дубаларында алар Аллах тааланын Раббилигин моюнга алууну жана Аллахтын сонун ысымдарынан эң ылайыктуу экөөнү эскерүүнү Өзү белгилеген жакындоо каражаты катары пайдаланышты, ошентип Раббинин буйругун аткарып, дубалары Аллах таала тарабынан кабыл кылынышы жана жооп жок калбоо мүмкүнчүлүгүн арттырууга умтулушту.

Жүрөктөрдү тазалаган бул дуба менен Жаратуучуга кайрылган мусулман эки дүйнөдө өзүнө чоң пайда келтирет. Ошондуктан аны канчалык көп эстеп, аны менен Аллах таалага жалынсак, ошончолук жакшы.