Адам менен Обонун кечирим дубасы (7:23)

Курандагы дубалар

19

7.23   Адам менен Обонун кечирим дубасы

Аъраф  (Бийиктиктер)

رَبَّنَا ظَلَمْنَا أَنفُسَنَا وَإِن لَّمْ تَغْفِرْ لَنَا وَتَرْحَمْنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِين
Раббанаа заламнаа анфусанаа ва ин лам тагфир ланаа ва тархамнаа ланакуунанна минал-хаасириин
О, Раббибиз! Өзүбүзгө зулум кылып алдык! Эми, Сен бизди кечирбесең жана ырайым кылбасаң зыян тартуучулардан болуп калабыз!

Бул – бабабыз Адам менен энебиз Обонун (экөөнө тең салам болсун) дубасы. Ал Куранда, «Аьраф» сүрөсүндө айтылат. Бул дуба чын ыкластуу өкүнүч, такыбалык жана Аллах таалага тобокел менен суарылган.

Адам баласы алардан башталган жана Жаратуучусуна ушундай дуба менен кайрылган алгачкы адамдардан башка кимден үлгү алабыз?

Аллахтын биринчи пайгамбары Адамдын (ага салам болсун) жана анын аялы Обонун тарыхы жакшы белгилүү. Бейиш бактарында жашаган жана ошол убакка чейин кайгы менен кыйынчылыкты билбеген алар азгырыкка алданып, бир күнү Раббисине каршы келишти, андан кийин Аллах таала аларды жерге жайгаштырды жана ал жакта алар үчүн таптакыр башка жашоо башталды. Бул эми жердеги жашоо эле, ар бирибиз бул дүйнөдө өткөргөн жана сөзсүз өлүм менен аяктаган жашоо.

Адам менен Обо дал ушул катаны кылгандан кийин бул дуба менен Раббиге кайрылышты.

«О, Раббибиз!» – деп жалынышты алар. Бизге эбак түркүн сансыз жакшылык берген, бизди камкордугу менен курчаган, муктаж болгонубуздун баарын марттык менен берген Жаратуучубуз, эркине эч ким каршы тура албаган, баарын башкарган жана жаратканынын баарынын жашоосун сактаган Кудуреттүү Жаратуучу!

«Өзүбүзгө зулум кылып алдык», – деп моюнга алышты алар. Өзүбүзгө карата адилетсиздик кылдык жана кылганыбызды өз зыяныбызга кылдык.

Ааламдардын Раббиси эч кимге жана эч нерсеге муктаж эмес. Жакшы иштерибиз Ага пайда бербейт, жаман иштерибиз да зыян келтирбейт. Ал моюн сунуубузга муктаж эмес жана күнөөлөрүбүз Ага эч кандай таасир этпейт. Жакшы иштерди кылып өзүбүзгө пайда келтиребиз, күнөө кылып өзүбүзгө зыян келтиребиз. Бул эч кимибиз унутпоого тийиш жөнөкөй, бирок маанилүү чындык.

«Эми, Сен бизди кечирбесең жана ырайым кылбасаң зыян тартуучулардан болуп калабыз!» Кылганыбызды кылдык жана Сенин алдыңда өкүнөбүз, эми тагдырыбыз жалаң гана Сага байланыштуу. Катабызды моюнга алдык жана эркиңе баш ийдик. Эгер бизге кечирим жана ырайым берүүнү каалабасаң, бизди анык кыйроо күтүп турат. Анда куру кол калабыз, коркунучтуу зыян тартабыз жана эч ким, эч нерсе бизди куткара албайт. Анткени Аллах ачууланган жана кечирбеген адам үчүн куткарылуу жана ийгилик жок жана боло да албайт, бейиш жолу ага жабык.

Бул дуба ошондой эле Аллахтан түздөн-түз кечирим суроо эмес, кадимки жалынуу-өтүнүчтөн да жогору адеп даражасын чагылдырган ишарат менен суроо болгону менен өзгөчө.

Бул дубанын баары башынан аягына чейин Аллах тааланын алдындагы кичипейилдиктин көрүнүшү. Адам менен Обо Аллах таалага кайрылганда биринчи кезекте Анын Раббилигин эскеришти, андан соң өз абалын эскеришти, башкача айтканда катасын моюнга алып, ошентип Ага жакындоого аракет кылышты. Алар Ага болгон муктаждыгын, эркине көз карандылыгын, Ансыз жашай албасын көрсөтүштү, эгер Аллах таала кечирбесе абалы кандай болорун да эскеришти. Аллах тааланын ыраазылыгын ушинтип табууга аракет кылган пенде кечирим алуу мүмкүнчүлүгүн арттырат.

Бул дуба Раббиден кантип кечирим суроо керектигинин эң жакшы үлгүлөрүнүн бири. Кичине же чоң күнөө кылган ар бир ыймандуу, биринчиден, бул күнөөнү токтотушу, экинчиден, кылганына чын ыкластан өкүнүшү, башкача айтканда жасаганына кайгырышы, үчүнчүдөн, бул күнөөгө мындан ары эч качан кайтпоого бекем ниет кылышы керек.

Бул дуба бизге Аллах тааладан ырайым жана кечирим суроо канчалык маанилүү экенин, күнөө кылган ар бир адам үчүн тообого шашылуу жана аны эч качан кийинкиге калтырбоо маанилүү экенин эскертет. Бул дуба ошондой эле кичине күнөөлөргө көңүл кош мамиле кылбоону үйрөтөт. Кылган күнөөлөрүбүздүн бирин да анчейин деп эсептебешибиз керек, анткени Аллахтын алдында ал абдан оор ката болушу мүмкүн. Ошондуктан ар бир күнөө үчүн, анын ичинде эми эсибизде жоктору жана өзүбүз байкабай кылгандарыбыз үчүн да кечирим суроо керек.