Муса пайгамбардын мисирликти өлтүргөндөн кийинки дубасы (28:16)

Курандагы дубалар

45

28.16   Муса пайгамбардын мисирликти өлтүргөндөн кийинки дубасы

Касас  (Окуялар)

رَبِّ إِنِّي ظَلَمْتُ نَفْسِي فَاغْفِرْ لي
Рабби иннии заламту нафсии фагфир лии
Оо, Раббим! Мен өзүмө зулумдук кылып алдым! Мени кечире көр!

Жөнөкөйлүгү жана кыскалыгы менен сонун, чын ыкласка толгон бул дуба Аллах тааланын Китеби бизди тааныштырган дубалардын бири. Мурун, биз дүйнөгө келгенге чейин эбак бул дуба менен Аллах таалага Анын эң улуу жана эң белгилүү пайгамбарларынын бири кайрылган. Бул – пайгамбар Муса (ага салам болсун).

Куран дубалары – бул дүйнөдө жолубузду жарыктандырган жана жердеги жашообуз бою бизди курчап турган бүлүк жана азгырыктардын караңгылыгында жоголбоого, адашпоого жардам берген маяктар. Алар бизге Раббини жана оор, берекелүү күндөрдө Ага дуба менен кайрылуу зарылдыгын гана эскертпейт. Чынында алар бизге туура ойлонууну үйрөтөт, дүйнө жана андагы ролубуз жөнүндө түшүнүктөрүбүздү оңдойт. Бул дубалар бизди багыттайт, артыкчылыктарды белгилөөгө жардам берет, маанисиз жана керексиз нерсени таштап, негизги нерсеге – ааламдардын Раббисинен эмнени суроо жана эмне үчүн аракет кылуу керегине көңүл бурууну үйрөтөт.

Бул дубалар мусулман үчүн ишенимдүү жардамчы болуп, Кудуреттүү Жаратуучу менен байланышты сактоого жардам берет. Баарыбыз билгендей, Рабби кереметтерди жарата алат жана дуба Раббинин ыраазылыгына жана бейишке гана эмес, жердеги жашообуздун өзгөрүшүнө, жашообузда да ушул кереметтерден үлүш болушуна алып баруучу эң кыска жана ишенимдүү жолдордун бири. Дуба, шексиз, азгырык жана сыноолор куюнуна туруштук берүүгө жардам берген куткаруучу жип.

Таң каларлык жөнөкөй, бирок жүрөктөн чыккан ушул сөздөр менен асыл пайгамбар Муса (ага салам болсун) мисирликти өлтүргөндөн кийин Раббиге кайрылды. Мусанын уруулашы, исраилдик, жардамга чакырганда, Муса анын чакыруусуна кулак төшөп, ага зулум кылганды урду, ошол бир сокку менен жыкты. Пайгамбар дароо Раббиден кечирим сурады, бул аракетти күнөө деп эсептеди, анткени өзүнө өлтүрүү буюрулбаган адамды өлтүргөн эле. Ушул шашылуусунан кийин дароо тынчтанган Муса (ага салам болсун) кичипейилдикке толду, күнөөсүн моюнга алды жана Раббиден кечирим сурады.

Анын Раббиге ушул дуба менен кандай кайрылганынан Аллахка карата ачык адеп жана кичипейилдикти көрөбүз: Муса (ага салам болсун) адегенде Аллах тааланын Раббилигин жана өз катасын моюнга алды, ушундан кийин гана Ага кечирим өтүнүчү менен кайрылды: «Оо, Раббим! Мен өзүмө зулумдук кылып алдым! Мени кечире көр!»

Бул Рабби өзүн кечиргенин билген Аллахтын пайгамбары эле. Бизге даярдалган тагдырды жана жолубуз кайда – бейишкеби, тозоккобу алып барарын билбеген биз жөнүндө эмне деп айтууга болот? Бул ар бир ыймандуу үчүн маанилүү сабак: күнөөлөрүнө кайдыгер мамиле кылбоо, аларды анчейин деп эсептебөө жана өзүнө ашыкча ишенбөө, Раббибиз Өзүнө ырайымды жазгандыктан жана ырайымы ачуусунан озгондуктан биздин эч кандай аракетибизсиз жаман иштерибизди сөзсүз кечирет деп ойлобоо. Жашообуз ар кандай учурда үзүлүшү мүмкүн, артка жол жана экинчи мүмкүнчүлүк болбой турган дүйнөдө бүгүнкү күн менен жашап, келечек, Акырет тагдыры жөнүндө ойлонбоо алысты көрөгөчтүкпү?..

Бул дуба бизге күнөөнү моюнга алууну, кылганына өкүнүүнү, аны токтотууну жана мындан ары ага кайтпоого бекем ниет кылууну билдирген чын ыкластуу тообонун маанисин үйрөтөт. Анда тообого шашылуу керек, анткени адам өзүнө канча убакыт берилгенин билбейт жана тообону кечиктирип, тообо кылууга үлгүрбөй бул дүйнөдөн кетиши мүмкүн.

Адамдан (ага салам болсун) баштап Аллах тааланын пайгамбарлары жана элчилери Раббиге тообо кылып, Андан кечирим сурашкан, бул салих, такыба жана акылман адамдар биз үчүн үлгү болушкан.

Ар бир ыймандуу үчүн күнөөлөрдөн тыйылуу жана Аллах таалага каршы келбөөгө аракет кылуу маанилүү. Бирок эгер ал баары бир мүдүрүлүп, Аллахка жакпаган иш кылып койсо, ал үчүн эң туура жана эң табигый нерсе – тообого шашылуу, Ырайымдуу Раббиге жалынуу, күнөөсүн моюнга алуу жана чын ыклас менен, бүт жүрөгү менен Андан кечирим суроо. Анткени күнөө Рабби тарабынан кечирилсе, ал таптакыр болбогондой. Раббинин ыраазылыгына, куткарылууга, ийгиликке жана бейишке жеңил кадам таштоо, албетте, күнөөлөр жүгүнүн астында ийилүүдөн алда канча оңой.