Мухаммад пайгамбардын эң сүйүктүү дубасы (2:201)

Курандагы дубалар

4

2.201   Мухаммад пайгамбардын эң сүйүктүү дубасы

Бакара  (Уй)

رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ
Раббанаа аатинаа фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа 'азаабан-наар
О, Рабби! Бизге ушул дүйнөдө да, Акыретте да жакшылык бере көр жана бизди тозок азабынан сакта!

Куранда, «Бакара» сүрөсүндө айтылган бул кыска, бирок мазмундуу дуба – чын ыкластуу ыймандуулардын дубасы. Пайгамбарга (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) он жылдай кызмат кылган асыл сахаба Анас ибн Малик Пайгамбар (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) Аллах таалага эң көп дал ушул дуба менен кайрылганын айтып берчү жана бул таң каларлык эмес.

Ойлору жалаң гана дүйнө иштери менен алек болгон адамдар бар. Алар бул дүйнөнү жалгыз камына айландырышкан жана жердеги жашоо бүткөн чектин ары жагында аларды эмне күтүп турганы жөнүндө ойлонууга такыр жакын эмес. Дүйнө жакшылыктары, дүйнө камдары… Бардык үмүттөрү да дүйнө менен байланыштуу. Мындай адамдар Раббиден бир нерсе сураса да, жалаң гана өткөөл, дүйнөлүк нерсени сурашат. Бул дүйнөнүн кулдары жазгырууга татыктуу. Аллах таала аларды Өз Китебинде, анын ичинде мурунку аятта да бир нече жолу эскерет: «Адамдардан кээ бирөөлөрү: “О, Рабби! Бизге ушул дүйнөдө бер” – дешет. Андайларга Акыреттен насип жок!» (Сүрө 2 «Бакара», Аят 200)

Алардын тескерисинче, дүйнөлүк нерселердин баарын өтө анчейин деп эсептеген жана Кудуреттүү Жаратуучуга кылган дубаларыбызда аталууга такыр татыктуу эмес деп билген адамдар да бар. Бирок Ислам дүйнөдөн баш тартууну үгүттөбөйт да, кубаттабайт да жана Аллах таала бизге берген, бул дүйнөдөгү жашообузга зарыл жакшылыктарды пайдаланууда жазгыра турган эч нерсе жок. Маанилүүсү – дүйнө жакшылыктары жүрөгүбүздө эмес, колубузда болушун, бизди негизги нерседен алаксытпашын, жакшы иштерди кылууда тоскоол эмес, жардам болушун карап туруу. Пайгамбар (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) да сахабаларына Аллахтан түбөлүк жашоодо гана эмес, жердеги жашоодо да амандык жана жакшылык сурап турууну үйрөткөн.

Ошентип, бул эки топ тең ыймандуу карманууга тийиш орто жолдон четтейт. Бирок адамдардын дагы бир тобу бар. Алар Аллах тааланын мактоосуна жана ыраазылыгына ээ болгон адамдар. Бийик максаттуу бул адамдар динди жетиштүү терең түшүнүп, анын маңызын аңдашкан. Ислам – бул дүйнө жана түбөлүк, жан жана дене, материалдык жана руханий. Динибиз чектен чыгууну айыптайт жана чыныгы ыймандуу андан сактанууга аракет кылат. Ал акыркы демине чейин жашоосунда жердегини асмандагы менен шайкеш кылууну жана күн сайын сактоону камдайт.

Бул адамдар Аллах тааладан бул дүйнөдө да, түбөлүк дүйнөдө да амандык сурашат. Бир нече сөздөн турган бул дуба чынында мүмкүн болгон бардык жакшылыкты камтыйт. Анткени адам бул дүйнөдө жакшылык, Акыретте да жакшылык тапса жана тозок отуна түшүүдөн кутула алса, дагы эмнени каалашы мүмкүн?

Аллах таалага бул дуба менен жалынган ыймандуулар анын алдында кичипейилдикке жана чын ыкласка толгон кайрылуу айтышат: «О, Рабби!» Ошентип алар Анын өздөрүнүн Раббиси, Жаратуучусу, Жакшылык берүүчүсү жана ибадат кылган, Ансыз жашай албаган жалгыз Кудайы экенин моюнга алышат.

Бул дуба аркылуу Аллахтан бул дүйнөнүн жакшылыгын сураганда, биз чынында жердеги жашоодо бактылуу болуу үчүн керектүү нерсенин баарын бирден сурайбыз. Ошол эле дуба аркылуу түбөлүк дүйнөнүн жакшылыгын сураганда, Раббибизден ийгилик жана бейиш сурайбыз, Кыямат күнү биз үчүн бардык үмүттүн кыйрашы эмес, жердеги жашоодон айырмаланып эч качан бүтпөй турган жаңы бактылуу жашоонун башталышы болушун сурайбыз. Оттон куткарууну сураганда Аллах тааладан бул дүйнөдө туура жетекчилик жана туура жол менен жүрүүнү сурайбыз жана Аллах таала жакшы иштерди кылууга жана күнөөлөрдөн сактанууга жардам берет деп үмүттөнөбүз.

Ар бир ыймандуу үчүн Аллах таалага ушундай дубалар менен кайрылууну, Андан бул дүйнөнүн жана түбөлүк дүйнөнүн жакшылыгын жана тозок отунан кутулууну сурап турууну унутпоо абдан маанилүү. Аллах таала берген мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Ага моюн сунууда аракет кылып, эмгегине чын ыкластуу дубаларды кошкон ыймандуу өзүнө эки дүйнөнүн бактысына жол ачат.

Курандын кереметтүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – анын бүткүл дүйнөлүк мүнөзү, орун менен убакытка көз каранды эместиги жана жер шарынын ар бир бурчундагы мусулмандар үчүн бүгүнкү күнгө чейин маанисин жоготпогон бул сонун дуба анын эң жакшы далили.