7.47 Залымдар менен бирге болбоо үчүн дуба
Бул – Куранда айтылган, өзгөчө бир топ адамдар Аллах таалага кайрыла турган дуба. Ал «Аьраф» сүрөсүндө келтирилген. Бул дуба башка жактары менен катар жердеги жашообузга эмес, түбөлүк дүйнөгө тиешелүү болгону менен да көңүл бурдурат. Бул – Кыямат күнү жакшы жана жаман иштери тең боло турган адамдардын дубасы.
Бир аз убакыт тозок менен бейиштин ортосунда калып, алар акыры бейишке кирет. Тозок отунун тургундарын жана алар кабыла турган азаптарды көрүп, бул адамдар үрөйү учат жана коркунучка алдырып, Раббисине жалынууга, Андан ырайым сурап шашышат. От ичинде бул бузулган жана карарган жүздөрдү көргөн ким алардын ордунда болгусу келет?
Үмүткө толгон, толугу менен жалгыз Ага тобокел кылган, бардык үмүтүн жалаң гана Ага байлаган, дубасында толук чын ыкластуу болгон, бейиш менен тозоктун ортосунда кармалган бул адамдар Ага ушул сөздөр менен жалынышат.
«О, биздин Рабби!» – дешет алар кичипейилдик жана коркуу менен. Ырайымын тилеген Жаратуучубуз, Ансыз азыр бар эч нерсе боло албаган Баарын кармап туруучу, бийлиги бардык жаратылышына жайылган, Ал үчүн мүмкүн эмес жана оор эч нерсе жок, дүйнөлүк жана түбөлүк бакытты эңсегендер кичипейилдик менен жалынган Зат!
Алар жердеги жашоодо кылган каталарына карабастан Анын өздөрүнүн Раббиси экенин унутпаганын көрсөтүштү жана муну дубанын эң башында эскеришти, ошентип Ага жакындоого, ырайымын табууга жана дубасына жооп алууга үмүттөнүштү.
Бул адамдардын абалын элестетүү кыйын эмес, анткени сөз алардын келечеги жөнүндө, жана жердеги жашоону түзгөн бир нече жыл же он жылдыктар жөнүндө эмес, түбөлүктүүлүк жөнүндө. Түбөлүк ырахат же түбөлүк азап. Түбөлүк бакыт же түбөлүк оору. Ийгилик же кыйроо. Бейиш бактары же тозок оту. Экөөнүн бири күтүп турганын билип, бирок ага кайсы тагдыр даярдалганын билбеген адам эмнени сезет?..
Бул дуба алар үчүн канчалык кымбат эле!
«Бизди залымдарга кошуп койбо!» Бизди өздөрүнө зулум кылгандардын жана ачууңду өздөрүнө тарткандардын катарына кошпо. Бизди каапырлыгы, баш ийбестиги жана күнөөлөрү менен Отто калууга татыктуу болгондордон кылба. Бизди азыр көзүбүз бурулган жана бизге ушунчалык жакын азап тартып жаткан бактысыз адамдарга кошпо. Өздөрүнө берилген куткарылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгаргандар, жердеги жашоосун максатынан тышкары пайдалангандар, жашоосу адилетсиздик менен суарылган жана аны менен мөөрлөнгөндөр менен бирге болбойлу! Биз башка тагдырды, такыба ыймандуулардын, ыраазы болгон жана бейишиң менен урматтагың келген чын ыкластуу пенделериңдин тагдырын каалайбыз.
Бир аз ойлонсо жетиштүү, бул дуба ар бирибиз үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнүү үчүн. Ар бир ыймандууда ааламдардын Раббисинен куткарылуу жана бейиш суроого толук негиз бар. Анткени эч кимибизге куткарылуу жана ийгилик кепилденген эмес. Бул дуба мусулмандын куралдарынын катарында сөзсүз болушу керек.
Түбөлүк дүйнөдө залымдардын тагдырын бөлүшпөө жана Кыямат күнү алардын катарында болбоо үчүн бул дүйнөдө алар менен бирге болбошубуз керек. Бекеринен: «Жакшы менен жүрсөң жетерсиң муратка, жаман менен жүрсөң каларсың уятка», – дешпейт. Эгер адам залымдардын чөйрөсүн артык көрсө жана мындай чөйрө ага такыба жана салих адамдардан турган чөйрөдөн кымбат болсо, иштеринин кандай натыйжасын күтөт? Анын түшүнүгүндө жердеги жашоосунун натыйжасы кандай болушу керек? Ал эки жайдын кайсынысына умтулат?.. Мындай тандоо жасап, ал өзүн абдан чоң коркунучка салат.
Бул дубаны айтканда Аллахтан бизди адилетсиздиктен алыстатууну гана эмес, залымдардын тагдырынан да сактоону сурайбыз. Ыймандуунун милдети – мындай адамдар менен бул дүйнөдө да, түбөлүк дүйнөдө да бирге болбоо, анткени алар өздөрүнө кошулгандын баарын түбүнө тартат.
Бул дуба бизге жаман аякка алып баруучу бардык нерседен, башкача айтканда Аллах таала ыраазы болбогон сөздөрдөн, иштерден жана мүнөз-кулк сапаттарынан сактанууну үйрөтөт.
Жана, албетте, Аллахтан залымдардын катарында болбоону гана эмес, алардын жанында да болбоону суроону; анткени бул умтулууга татыктуу кошуналык эмес.
