3.53 Иса пайгамбардын апостолдорунун дубасы
Бул – пайгамбар Исанын (ага салам болсун) апостолдорунун – терең ыймандуу, такыба, чын ыкластуу, жүрөгү таза адамдардын дубасы. Ал Куранда, «Аали Имран» сүрөсүндө айтылат. Көп кылым мурун Кудуреттүү Жаратуучуга кылган дубалары менен бул ыймандуулар бизге сонун үлгү көрсөтүшкөн.
Кыска болгонуна карабастан, бул дуба абдан мазмундуу. Ал аз сөз менен Аллах тааладан улуу жакшылык сурагысы келгендер үчүн чыныгы казына.
«Оо, Рабби!» – деп жалынышты бул жакшы жана салих адамдар болжол менен жыйырма кылым мурун. Бардык нерсенин Жаратуучусу, тирүү-өлүү баарынын Коргоочусу, ааламдын Башкаруучусу, бардык жаратылышына ырыскы берген жана жашоосун сактаган, ааламдардын Раббиси, каалаганын ырайымы менен жапкан, тообо кылгандардын тообосун кабыл кылган, Улуу, Акылман, дүйнөдөгү баарын Билүүчү!
«Биз Сен түшүргөн нерсеге ыйман келтирдик.» Ыйман келтирдик. Биринчи кезекте Сага, Аллах таалага, Кудуреттүү жана Ырайымдууга ыйман келтирдик. Сенин бар экениңе, жалгыздыгыңа, кудайлыгыңа, Раббилигиңе, сонун жана теңдешсиз ысымдарыңа жана сыпаттарыңа ыйман келтирдик. Сага тең жана окшош эч ким жок экенине. Ибадатка жалаң гана Сен татыктуу экениңе.
Сага ыйман келтирип, Сен түшүргөн нерсенин баарына да ыйман келтирдик. Демек, бардык пайгамбарларыңа жана элчилериңе да, анткени дал алар аркылуу, аларга түшүрүлгөн вахий аркылуу адамзатты диниң менен тааныштырдың. Пайгамбарларга ыйман келтирүү аларды Аллахтын элчилери деп моюнга алуу гана эмес, Аллах таала аларды адамзатка жиберген кабарды кабыл алуу, алардын артынан жүрүү жана көрсөткөн жолунан чыкпоо дегенди да билдирет.
Аллахтын пайгамбарларына ыйман Аллах таала аларга түшүргөн Китептерге ыймансыз акылга сыйбайт. Алар бул Китептерди адамдарга жеткирүүгө жана алардын жардамы менен адамзатка салих жашоону үйрөтүүгө, Адам урпактарын Аллах тааланын акылман мыйзамдары менен тааныштырууга тийиш эле. Ошондуктан бул ыймандуулардын: «Пайгамбарга ээрчидик», – деп кошумчалашы таң каларлык эмес. Сага ыйман келтирдик, Сага баш ийдик жана акыйкатты үгүттөп, бизге жакшылыкты үйрөтүп, бизди туура жолго салып, бизге үлгү болушу үчүн ырайымың менен жиберген адамды ээрчидик.
Анын Раббилигин моюнга алып, ыйманын жана элчини ээрчигенин Ага жакындоонун каражаты катары эскергенден кийин, бул ыймандуулар эң негизги нерсеге, Раббиге кайрылуусунун маңызы жана башкы максаты, чын ыкластуу дубасынын руху болгон нерсеге келишти. Аллах тааланын пайгамбарларынын жана чын ыкластуу ыймандуулардын адаты ушундай: адегенде Анын Раббилигин же сонун ысымдарын эскерүү, ыраазылыгын табууга умтулуп Ага жакындоо, ушундан кийин гана, тилеги канчалык кымбат жана жашоо үчүн маанилүү болсо да, Андан бир нерсе суроо. Жаратуучуга карата адеп – алардын жалпы сапаты.
«Эми бизди күбө болуучулардын катарына жазып кой!» Алардын сурагысы келгени ушул. Бардык ыймандуулар бардык заманда жана бардык жерде Раббиден сурашы керек болгон нерсе ушул. Бизди башка чын ыкластуу ыймандуулар менен бирге жаз, акыйкатка күбө болгондор, Сага баш ийгендер, диниңди тандагандар, таухидди кармангандар, буйруктарыңды аткарып, тыюуларыңды сактагандар катарында болойлу. Бизди ушул ийгиликке жеткендердин катарына кош жана аларга окшошубузга жардам бер, алар жеткенге жетели: Сенин ыраазылыгыңа, Оттон кутулууга жана бейиш бактарына.
Бул дуба бизге ыйман тандалма боло албасын эскертет: Аллах тааладан пайгамбарлары аркылуу бизге келген нерсенин баарына ишенишибиз, аны бүт жүрөгүбүз менен кабыл алышыбыз жана жашоодо ишке ашырышыбыз керек. Ошондо гана ыйманыбыз чын ыкластуу жана чыныгы болот.
Бул дуба бизге дагы жакшы, салих, такыба адамдардын чөйрөсүн издөөнү үйрөтөт; алар менен мамиле бизге пайдалуу билим берет, ыйманыбызды бекемдейт, Аллах таалага сүйүү, жакшылыкка жана түзүүгө умтулуу сиңирет, умтулууларыбызды асыл, максаттарыбызды бийик кылат. Эгер адам туура жол менен жүргүсү келсе, жакшы шериктер жөнүндө кам көрүшү керек. Анткени бирге жүрүү дайыма жеңилирээк.
