Аллахтын өзгөчө ырайымы жана адашуудан куткарылуу үчүн дуба (3:8)

Курандагы дубалар

9

3.8   Аллахтын өзгөчө ырайымы жана адашуудан куткарылуу үчүн дуба

Али Имран  (Имран үйүлү)

رَبَّنَا لاَ تُزِغْ قُلُوبَنَا بَعْدَ إِذْ هَدَيْتَنَا وَهَبْ لَنَا مِن لَّدُنكَ رَحْمَةً إِنَّكَ أَنتَ الْوَهَّابُ
Раббанаа лаа тузиг кулуубанаа ба'да из хадайтанаа ва хаб ланаа мин ладунка рахмах, иннака антал-ваххааб
О, Рабби! Бизди туура жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба! Жана бизге Өзүңдүн ырайым-рахматыңды белек кыл! Албетте, Сен белектерди көп берүүчү – Ваххабсың.

Бул – башында Аллахтын асыл пайгамбарлары турган чын ыкластуу ыймандуулар Аллах таалага кайрылган кезектеги дуба. Рабби аларды Өз Китебинде эскерип, бизге Анын ыраазылыгына, ошондой эле эки дүйнөдө жакшылык жана бакытка жетүүгө жардам бере турган бул сонун дубаларды үйрөтөт. Аллах тааланын Өз Китебинде Ага ушундай дубалар менен жалынган адамдарды мактоосу бекеринен эмес.

Бул пайгамбарлардын мураскерлери болгон аалымдардын, дин билгичтеринин дубасы; алар пайдалуу илим алуу мүмкүнчүлүгүн эң жакшы пайдаланышкан. Булар динди терең жана туура түшүнгөн, ал жөнүндө туура түшүнүгү бар акыл ээлери. Бекем ыйман жана кармаган диндеринин чындыгына ишеним жүрөктөрүндө бийик максаттарды жаратат. Булар жакшы сөздөрү жана Аллах ыраазы боло турган иштери менен ар бирибизге сонун үлгү көрсөткөн адамдар. Алардын изинен жүргөн зыян тартпайт жана эңсеген куткарылуусуна жетет. Дубалары да башка иштеринен кем сонун эмес.

«О, Рабби!» – деп жалынышат алар. О, баарын жараткан, баарын башкарган жана баары, анын ичинде пенделеринин жүрөктөрү да Өзүнө баш ийген Зат! «Бизди туура жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба!» Курандын ачык аяттарын четке кагып, адашууга түшкөн, өзү адашып эле койбой, башкаларды да адаштыргандарга окшошубузга жол бербе; илимде бекем, өздөрү туура жол менен жүргөн жана бул жолду башкаларга көрсөтүүгө умтулган чыныгы ыймандуулардан айырмаланып.

Бул дуба – адептин кереметтүү үлгүсү. Ушул дуба менен Аллах таалага кайрылган ыймандуулар өздөрү үчүн чоң мааниге ээ болгон жана маанилүүлүгүн толук сезген нерсени сурагысы келсе да, дубанын маңызынан, ушул сөздөр менен Раббиге жалынганда орундалышына үмүт арткан кымбат тилектен башташкан жок. Алар Анын Раббилигин атоодон башташты, андан соң аларды туура жолго салып көрсөткөн улуу ырайымын эскеришти жана ушундан кийин гана кыялдарынын чокусу болгон нерсени сурашты: Рабби аларды туура жолдо бекем кылышын жана келечекте андан адашпоого жардам беришин.

Алар негизги нерсени, ыймандууну баарынан көп тынчсыздандырууга тийиш нерсени сурашты. Жердеги жашоону татыктуу, салих жана туура өткөрүүнү, Кыямат күнү ийгиликке жеткендер жана куткарылгандар катарында болууну сурашты. Бул жакшылыкка болсо жалаң гана Аллах таала жардам берген адам жете алат.

Алар Раббиден Анын ырайымын да сурашты. Аны жалаң гана каалаган адамына берерин толук сезип, аны эң улуу белек катары сурашты. Анда да Ал берген ырайымдардын белгилүү бирин эмес, ыйманды да, таухидди да, пайдалуу илимди да, Аллахка моюн сунуунун ар кандай көрүнүштөрүн да камтыган жалпы ырайымды сурашты. Бул жакшы иштерди кылууда жана бул дүйнөдө туура жолдо туруктуу жүрүүдө Аллах тааланын жардамын, Акыретте түбөлүк бакытка жетүүнү билдирген ырайым. Ошондуктан ал ыймандуу үчүн ушунчалык кымбат жана Кудуреттүү Раббиден кайра-кайра сурап турууга татыктуу.

Бул ырайымды жалаң гана Ал берет. Ошондуктан муну моюнга алып, Аны улуктап: «Өзүңдүн ырайым-рахматыңды», – дешти. Жана муну «Албетте, Сен белектерди көп берүүчү – Ваххабсың» деген сөздөр менен бекемдеп, Аллах тааланын сыпаттарынын кемчиликсиздигин белгилешти, анткени адамдардын белектери Анын белектери менен салыштырганда эч нерсе эмес.

Бул дуба бизге Аллах тааланын ысымдарын жана сыпаттарын, ошондой эле жакшылыктарын эскерүү Ага дуба менен кайрылганда Ага жакындоонун сонун жолу экенин эскертет.

Бул дуба ар бирибизди Аллах тааладан туура жолдо бекемдикти жана жердеги жашоонун аягына чейин андан туруктуу жүрүүдө жардамды суроо канчалык маанилүү экени жөнүндө ойлонууга мажбурлайт. Эгер Анын эң жакшы пенделери Андан ушуну сураган болсо, напсиге берилген жана көбүнчө өз куткарылуусун ойлогондон көрө жалкоолукту артык көргөн напсинин каалоолоруна каршы тура албаган биз сыяктуу жөнөкөй пенделер жөнүндө эмне деп айтууга болот?..